Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XI сессиясы
2026-жылдын 27-январы № 88
Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы калкынын ичүүчү суу менен
камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө тарифтерди бекитүү жөнүндө
“Ичүүчү суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5- беренесине ылайык, айылдык кеңештин Регламентинин 32-главасынын 32.2 пунктун жетекчилике алып, айыл аймактын тургундарынын элдик жыйындардын протоколдорун эске алуу менен, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 05- мартындагы № 30 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө жана айылдык кеңештин финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жана ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат,
1. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын абоненттерин ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 2026- жылдын 01- январынан тартып калк үчүн: (жеке турак жайда) жашагандар айына 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө жол боюндагы суу түтүкчөлөргө 150,0 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго жана “Кызыл-Октябрь-Ийгилик” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси Н. Темировго милдеттендирилсин.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин Финансы, бюджет, салык, экономикалык маселелер, инвестициялар тартуу жан ишкердик иштер боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы ( Б. Усеновго) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |