Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XI сессиясы
2026-жылдын 27-январы № 89
Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27- беренесинин 13- пунктуна жана “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10- беренесинин негизинде, айылдык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, берилген материалдар менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат,
1.Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу Эски Покровка айылындагы Кекилик-Учар Ата бейит, Кызыл-Октябрь айылындагы Ат-Мазар дөбө жана Төрт-Кул жергиликтүү маанидеги тарыхый эстеликтер катарына кабыл алынсын жана чарбалык иштерге тыюу салынсын.
2. Мыйзамдуу иш алып баруу, мындан ары айыл аймагындагы эстеликтердин жер аянтарын тактап, мамлекеттик акт алуу менен эскертүү тактайчаларын орнотуу Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун бир нускасы Өзгөн райондук маданият бөлүмүнө маалымат иретинде жиберилсин.
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына (У. Султановага) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |