Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги XI сессиясы
2026-жылдын 27-январы № 90
Мечитке ат койуу жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу, Кызыл-Сеңир айылындагы Тогузунчу участкасынын тургундарынын 2025-жылдын 21- январындагы элдик жыйындын протоколун жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин,тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу угуп талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл амагынын айылдык кеңеши токтом кылат,
1.Тогузунчу участкасындагы мечитке маркум Токтокожо Ата деп ысмын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Кызыл-Сеңир айылынын айыл башчысы Э. Араповго жана Токтокожо атанын уул кыздарына сунушталсын.
3.Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен жарыяласын жана Юстиция башкармалыгына каттоого жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, маданият, этика, регламент (каада-салт, дин, тил), соода саттык, тейлөө, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына төрайымы (У. Султановага) жүктөлсүн.
Төрага |
| К. С. Мусаев |