Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын депутаттарынын VI сессиясы
2025-жылдын 21-апрели № 3
Көчөлөргө жана балдар ойноочу аянтчага ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы №67 “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Чоң Кара-Буура, Камаш айылдарынын жана Кызыл-Адыр айылындагы 5 сотых кварталынын жашоочуларынын чогулушунун протоколун жана кайрылууларын карап, талкуулап, Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң Кара-Буура айылындагы жаңы конуштун 7-көчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Айдаров Алишердин ысымы ыйгарылсын.
2. Камаш айылындагы балдар ойноочу аянтчага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жолдошов Осмонбектин ысымы ыйгарылсын.
3. Кызыл-Адыр айылындагы Талас-Чаткал жолунун чыгыш тарабында жайгашкан квартал Ынтымак кварталы болуп аталсын.
4. Токтомду аткаруу жагы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Стамкуловго жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Буура айылдык кеңешинин “Спорт, жаштар иштери жана социалдык-маданий маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын биринчи орун басары |
|
С. Авасбеков |