З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX-чакырылыштын 11- (кезектүү) сессиясы
2025-жылдын 30-декабры № 11/6
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара келишими жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” типтүү жобонун 69-беренесинин негизинде
З.КАЙНАЗАРОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерлеринен ижарага түз сүйлөшүүлөр жолу менен пайдаланууга аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана жарандарга,ижара акысы жер салыгынын өлчөмүндө белгилөө менен берилсин:
1)Мадалиева Пазилат,
2) Джумагулов Талгарбек,
3)Абдимухар кызы Гулназик,
4)Карагулова Анара,
5)Сатыбалдиев Кубанычбек
6)Кадырбек уулу Руслан
2.Айыл өкмөтүнүн карамагындагы келишим мөөнөтү аяктаган жер тилкеси ижара акысы келишимде көрсөтүлгөн боюнча калтырылып, келишим мөөнөтү 2030-жылдын аягына чейин узартылсын.
3.Башкы жер адиси К.С.Намазалиев айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара келишимдерин даярдоо ишин алып барсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл Айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жумашалиевге жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдү өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Э.Б. Ибраимов |