Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын депутаттарынын VI сессиясы
2025-жылдын 21-апрели № 5
Кара-Буура айыл аймагынын аксакалдар сотунун регламентин бекитүү жөнүндө
Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 26-февралындагы кайрылуусунда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин “Аксакалдар сотторунун Типтүү регламентин бекитүү жөнүндөгү” 2024-жылдын 17-декабрындагы №342 сандуу буйругуна ылайык, Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл аймагынын Аксакалдар сотунун регламенти, алымча кошумчасы менен тиркемеге ылайык бекитилсин.
Тиркеме тиркелет 5 баракта
2. Кабыл алынган токтом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төраганын биринчи орун басары |
|
С. Авасбеков |
|
| Тиркеме Кара-Буура айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-апрелиндеги №5 токтомуна |
I . Жалпы жоболор
1. Бул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам), Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык аксакалдар сотторунун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча ишин уюштуруунун эрежелерин белгилейт.
2. Аксакалдар соттору – ыктыярдуу жанажергиликтүү коомчулуктун колдоосунда, шайлануунун жана өз алдынча башкаруунун негизинде түзүлүүчү, Мыйзамда белгиленген тартипте жана учурларда жарандардын, жарандар менен юридикалык жактардын ортосундагы талаш-тартыштар жөнүндө иштерди (материалдарды) кароону жүзөгө ашырууга чакырылган коомдук орган.
3. Аксакалдар соттору Мыйзамда аныкталган тартипте айыл аймактын жана шаардын аймактарында жарандардын чечими боюнча уюштурулат.
4. Аксакалдар сотторунун ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, аталган Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары түзөт.