АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XVIII сессиясы
2026-жылдын -28 январы № 6
А.Масалиев айыл өкмөтүндө муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин бекитүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кенешинин социалдык маселелер жана бюджет боюнча туруктуу комиссияларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" мыйзамын аткаруу максатында, ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана ачык-айкындуулукту камсыздоо үчүн А.Масалиев айылдык кеңеши токтом кылат:
- А.Масалиев айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл өкмөт башчысына:
Бекитилген реестрди маалымат такталарына жана расмий сайттарга (бар болсо)
жайгаштыруу;
Кызмат көрсөтүү стандарттарын жана регламенттерин иштеп чыгуу;
Акы төлөнүүчү кызматтардын баасын (тарифтерин) мыйзам чегинде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен макулдашуу тапшырылсын.
3. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
А.Масалиев айылдык кеңешинин
кезектеги 18-сессиясынын
2026-жылдын “_28__”январындагы №6
токтомуна №1 тиркеме
А.Масалиев айыл аймагында муниципалдык кызматтарды көрсөтүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 772 токтомуна ылайык иштелип чыкты.
2. Жобо айыл өкмөтү тарабынан калкка, жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин түзүүнүн, бекитүүнүн, жүргүзүүнүн жана жаңылоонун тартибин аныктайт.
3. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри:
• муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринен;
• айыл өкмөтүнүн аймагында киргизилген кошумча муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегинен турат.
4. Бул Жобонун талаптары айыл өкмөтүнүн түзүмдүк бөлүмдөрү жана муниципалдык мекемелер үчүн милдеттүү болуп саналат.
2-глава. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестринин максаты жана принциптери
5. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин түзүүнүн негизги максаты:
• Кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, коррупцияны алдын алуу жана "Түндүк" санариптик системасын жайылтуу
• калкка көрсөтүлүүчү кызматтарды иретке келтирүү;
• кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
• ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту жогорулатуу.
6. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр төмөнкү принциптердин негизинде жүзөгө ашырылат:
• мыйзамдуулук;
• тең укуктуулук;
• жеткиликтүүлүк;
• ачык-айкындуулук;
• сапаттуулук жана натыйжалуулук.
3-глава. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестри