Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XVIII сессиясы
2026-жылдын -28 январы № 9
Кара-Дөбө айылынын Көкө участкасындагы Токтогул Сатылганов атындагы көчөнү Узаков Сражидин атындагы көчө деп өзгөртүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Дөбө айылынын Көкө участкасынын Токтогул Сатылганов көчөсүнүн тургундарынын чогулушунун чечимине негиз, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кара – Дөбө айылынын Көкө участкасындагы Токтогул Сатылганов атындагы көчөсү Узаков Сражидин атындагы көчөсү деп өзгөртүлсүн.
2. Кара – Дөбө айылынын Көкө участкасындагы Узаков Сражидин аты менен аталган көчөнүн оңдөп-түзөө, көрктөндүрүү иштери Узаков Сражидиндин жакындарына жүктөлсүн.
3. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Галботоев |