Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XVIII сессиясы
2026-жылдын -28 январы № 11
А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы Ош-Раззаков чоң жолуна Led экран коюу жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 2026-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке ылайык, аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктурүүкалкка маалымат жеткирүүнү жакшыртуу, мамлекеттик жана муниципалдык маалыматтарды өз убагында чагылдыруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. А.Масалиев айыл өкмөт аймагындагы Ош-Раззаков чоң жолуна Led электрондук экран орнотууга макулдук берилсин.
2. Led экран сатып алуу, орнотуу, ишке киргизүү иштерин жүргүзүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Зарыл болгон учурда кошумча каражаттарды тартуу боюнча фонддорго сунуштар жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Галботоев |