Загрузка документа…
АБСАМАТ МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын XVIII сессиясы
2026-жылдын -28 январы № 13
А.Масалиев айыл өкмөт аймагында айылдарга электр мамычаларын (столба), жарыктандыруулар орнотуу жана асфальт, шагыл төөшөө иштерине акча каражатын бөлүү жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 2026-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетке ылайык, аймактын инфраструктурасын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- ички көчөлөрдү асфальтоо үчүн 2 000 000 (эки миллион) сом.
- электр мамычаларын алууга 3 027 500 ( үч миллион жыйырма жети миң беш жүз)сом.
- жарыктандыруу үчүн 1 063 200 ( бир миллион алтымыш үч миң эки жүз) сом.
- шагыл төшөө үчүн 1 000 000 (бир миллион)сом.
- труба сатып алуу үчүн 1 800 000 (бир миллион сегиз жүз миң) сом.
5. Токтом реестрге кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтом А.Масалиев айыл өкмөтүнүн masaliev-ao.gov.kg расмий сайтына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Т. Галботоев |