Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры № 9/4
Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын долбоорун бекитүү жана каражаттарды бѳлүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2015-жылдын 21-апрели № 230 “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жѳнүндѳ жобону жана Долбоорорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускманы бекитүү тууралуу” токтомунун негизинде, З. Кайназарова атындагы айыл ѳкмѳтүнүн башчынын орун басары-жооптуу катчысы Асанканов У.Э. «Первомай айылынын Чмыря кѳчѳсүн асфальттоо» долбоору жѳнүндѳ маалматын угуп жана талкуулап, З.Кайназарова атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2026-жылга дем берүүчү (үлүштүк) гранттар боюнча бюджеттин долбоору 608318 (алты жүз сегиз миң үч жүз он сегиз) сом, анын ичинен ѳздүк салым 182500 (жүз сексен эки миң беш жүз) сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
2. З. Кайназарова атындагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.К. Жумашалиевге:
- 2026-жылдын бюджетин түзүүдѳ бул долбоорду эске алсын;
- долбоорду даярдоого жана ишке ашырууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттен бѳлсүн.
3. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чуй облустук Юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага |
| Э.Б. Ибраимов |