Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 78 токтомуна)
Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан юридикалык жактарга жана башка уюмдарга карата экстремисттик материалдарды таратууга жана экстремисттик ишти жүргүзүүгө жол берилбестигин көрсөткөн эскертмени чыгаруу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан юридикалык жактарга жана башка уюмдарга карата экстремисттик материалдарды таратууга жана экстремисттик ишти жүргүзүүгө жол берилбестигин көрсөткөн эскертмени чыгаруу эрежелерин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын ички иштер жана улуттук коопсуздук органдары экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар болуп саналат.
3. "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар экстремисттик ишти алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу жана бул жосундарды жасоого өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды жоюу боюнча аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн эскертме жарыялоо формасында профилактикалык мүнөздөгү чараны колдонот.
4. Жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчисине жана (же) уюштуруучусуна, юридикалык жактын же башка уюмдун кызмат адамына экстремисттик материалдарды таратууга, сот тарабынан экстремисттик деп таанылган уюмдардын иш-аракеттерин ачык жактырууга жана экстремисттик багыттагы кылмыштардын белгилери жок болгондо экстремисттик ишти жүргүзүүгө жол берилбестигин көрсөткөн эскертме чыгарылышы мүмкүн.
5. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын, юридикалык жактардын же башка уюмдардын кызмат адамдары тарабынан экстремисттик материалдарды таратууга, сот тарабынан экстремисттик деп таанылган уюмдардын иш-аракеттерин ачык жактырууга жана экстремисттик багыттагы кылмыштардын белгилери жок болгондо экстремисттик ишти жүргүзүүгө байланышкан иш-аракеттердин жасалгандыгы жөнүндө күбөлөндүргөн маалыматтар болгондо эскертме колдонулат.
6. Эскертмени чыгаруу жөнүндө чечимди төмөнкүлөр кабыл алат:
1) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана анын орун басарлары, ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана алардын орун басарлары;
2) улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана анын орун басарлары, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыкчам жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана алардын орун басарлары.
2-глава. Эскертмени даярдоо жана тариздөө тартиби
7. Жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жактар же башка уюмдар экстремисттик материалдарды тараткан же сот тарабынан экстремисттик деп таанылган уюмдардын иш-аракеттерин ачык жактырган учурда жалпыга маалымдоо каражаттарынын, юридикалык жактардын же башка уюмдардын кызмат адамдарына карата кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарда каралган тартипте тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлөт.
Эгерде тергөөгө чейинки текшерүүнүн натыйжасында жалпыга маалымдоо каражаттарынын, юридикалык жактардын же башка уюмдардын көрсөтүлгөн иш-аракеттерди жүргүзгөндүгү жөнүндө маалыматтар ырасталса жана документтештирилсе, тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдары анын өндүрүшүндө болгон тергөөчү алардын көчүрмөсүн жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчисине жана (же) уюштуруучусуна, юридикалык жактын же башка уюмдун кызмат адамдарына карата жазуу жүзүндө эскертмени чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эскертмеси ушул Тартиптин 1, 2-тиркемелерине ылайык форма боюнча эки нускада даярдалат:
- биринчи нуска - жалпыга маалымдоо каражатынын, юридикалык жактын же башка уюмдун кызмат адамына тапшыруу үчүн;
- экинчи нуска - тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдары менен биргеликте экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү делосуна тиркөө үчүн.
Жалпыга маалымдоо каражатына чыгарылган эскертменин көчүрмөсү маалымат жана эсепке алуу үчүн маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
Диний уюмга, диний окуу жайга, чет өлкөлүк уюмдун миссиясына же миссионерге карата чыгарылган эскертменин көчүрмөсү маалымат жана эсепке алуу үчүн дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
8. Эскертменин текстинде тергөөгө чейинки текшерүүнүн натыйжасында өзүнүн ырастоосун тапкан жана документтештирилген жалпыга маалымдоо каражатынын, юридикалык жактын же башка уюмдун конкреттүү иш-аракеттери көрсөтүлүүгө тийиш.