Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 18-апрели № 1
Участкалык шайлоо комиссияларынын резервине
талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-главасынын 19-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясынын кайрылуусунун негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн, коомдук уюмдардын, жарандардын жашаган жана иштеген жеринен шайлоочуларынын чогулушунун участкалык шайлоо комиссияларынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча келип түшкөн протоколдорун карап чыгып жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесине ылайык, Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл аймагында жайгашкан участкалык шайлоо комиссияларынын резервине №1 тиркемеге ылайык талапкерлери сунушталсын.
2. Жогрудагы сунушталган талапкерлерди бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Бакай-Ата райондук аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
3. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
| А.Коккозов |
|
| Тиркеме №1 “Бекитемин” Акназаров айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы________А.Коккозов |
№6056 Урмарал шайлоо участкасы
1.Мамадалиева Насипа Сагынбековна
2.Топчубаев Байсейит Чонбаевич
3.Анарбек кызы Айганыш
4.Кыдырбекова Ширин Кыдырбековна
5.Омарова Элмирахан Мирзабековна