Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз алтынчы
сессиясы
2025-жылдын 22-апрели № 6/32
Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Айыл айылына бала бакча ачуу жөнүндө
Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Айыл айылынын тургундарынын муктаждыктарын чечүү максатында курулуп жаткан бала бакчаны ачуу жана бала бакчага ат коюу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жаңы-Айыл айылынын тургундарынын бала бакчага болгон муктаждыктарын чечүү максатында Жаңы -Айыл айлында курулуп жаткан 75 орундуу (төрт тайпага ылайык) балдар бакчасы ачылсын.
2. Жаңы-Айыл айылында жаңы ачылган бала бакчага айыл тургундарынын элдик жыйынын 2025-жылдын 2-апрелиндеги протоколунун негизинде айыл тургуну “Баатыр эне” Жолдошалиева Перизаттын ысмы ыйгарылсын.
3. Жаңы-Айыл айылындагы балдар бакчасынын тамак ашын калькуляцияга ылайык ай сайын тарбиялануучунун ата-энесинин эсебинен 1200(бир миң эки жүз)сомдон акча каражаты төлөнсүн.
4. Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Джеенбаевге балдар бакчасынын электр энергиясын, отун, көмүр менен камсыздоо жагы тапшырылсын.
5.Суралсын райондук билим берүү бөүмүнөн,сан.эпид.станция, өрт коопсуздугу, жаратылышты коргоо бөлүмдөрүнөн талапка ылайык бүтүмдөрду чыгарып берүү жагы.
6.Суралсын райондук финансы бөлүмүнөн Жаңы-Айыл айылыны балдар бакчасынын стабилдүү иштеп кетиши үчүн кызматкерлердин эмгек акысын мамлекеттик бюджетке өткөрүп берүү жагы.
Төрага |
| К.Камчибеков |