Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз алтынчы
сессиясы
2025-жылдын 22-апрели № 6/35
Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бала бакча (атайын каражат ата энелер төлөмү) бөлүмүнө кошумча план алуу жана максаттуу грантка келген акча каражатын кайтаруу жөнүндө
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. 2025-жылдын 2-чейрегинде киреше бөлүгүндөгү бала бакчанын атайын каражатына (ата энелер төлөмү) 1200,0 мин сом акча каражаты кошумча планга киргизилсин.
2. Кошумча киреше бөлүгүндөгү бала бакчанын атайын каражаттан (ата энелер төлөмү) алынган 1200,0 мин сом акча каражаты 2218 беренесине отургузулсун.
3. 2024-жылы Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн конторасынын имаратын капиталдык оңдоо учүн максаттуу грантка келген 6902.7 миң сом акча каражаттан ашкан 348158 сом- Жазы айылындагы АРИС тараптан курулган ФАПка өздук салым үчүн, 255780 сом Кызыл-Дыйкан айылындагы Ж.Абдурасулов орто мектебинин терезелерин пластик ПВХ терезелерине алмаштыруу үчүн, 238616 сом Кара-Дыйкан айылындагы кичи футбол аянтчасын курууга өздүк салым үчүн которулган. Жалпы 842554 сом акча каражаты Республикалык бюджетке кайтарылсын. Кайтарылган акча каражаты ЖКХ бөлүмүнүн 3111 беренесинен кыскартылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Камчибеков |