Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги тогузунчу
сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 9/55
Кыргыз Республикасын бюджетинен бөлүнгөн дем берүүчү (стим) грантка өздүк салым кошуу жөнүндө
Жазы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги тогузунчу сессиясында айыл өкмөтүнүн башчысы У.Джеенбаевдин Кызыл-Дыйкан айылындагы кичи футбол аянтчасын курууга, Кызыл-Тоо орто мектебинин, Т.Ташмаматов орто мектебинин, Ж.Мойдунов орто мектебинин, Ш.Абдуллаева бала бакчасынын капиталдык ремонттору үчүн дем берүүчү грантка өздүк салым кошуу жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Жазы айыл аймагындагы Кызыл-Дыйкан айылындагы кичи футбол аянтчасын курууга 1 050 300 сом, Кызыл-Тоо орто мектебине 1 956 522 сом, Т.Ташмаматов орто мектебине 1 847 328 сом, Ж.Мойдунов орто мектебине 1 694 789 сом, Ш.Абдуллаева бала бакчасына 1 542 757 сом капиталдык ремонттору үчүн дем берүүчү грантка Жергиликтүү бюджеттен жалпы 8 091 696 сом акча өздүк салым катары 2026-жылдын бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Мыйзам чегинде иш алып баруу Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Камчибеков |