Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги тогузунчу
сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 9/56
Жазы айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 109, 115-беренесине ылайык Жазы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнө толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Жазы айылдык кеңешинин финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралып, Жазы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-115-беренесине ылайык Жазы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнө толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027- жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө 2024-жылдын 11-декабрындагы Мыйзамынын 6-беренесине ылайык айыл өкмөттө бош орундардын (ваканттардын) түзүлүшүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу жана бюджеттен экономдолгон Жазы айыл өкмөтүнүн аппарат бөлүмүнүн 2111 беренесинен 2680,0 мин сом 2121 беренесинен 226,7 мин сом, 2212 беренесинен 50,0 мин сом, 2221 беренесинен 24,7 мин сом, 2222 беренесинен 36,8 мин сом. Кеңеш бөлүмүнүн 2111 беренесинен 30,0 миң сом, 2211 беренесинен 60,0 мин сом, 2215 беренесинен 49,3 мин сом, 2222 беренесинен 20,0 мин сом. Маданият бөлүмүнүн 2111 беренесинен 200,0 мин сом, 2121 беренесинен 38,0 мин сом. Китепкана бөлүмүнүн 2111 беренесинен 280,0 мин сом, 2121 беренесинен 30,0 мин сом. Айыл чарба бөлүмүнүн 2221 беренесинен 35,3 мин сом. Социалдык коргоо бөлүмүнүн 2721 беренесинен 100,0 мин сом. ЖКХ бөлүмүнүн 2221 беренесинен 1738,0 мин сом, 2222 беренесинен 147,9 мин сом, 3111 беренесинен 1330,7 мин сом, 3113 беренесинен 300,0 мин жалпы 7377,4 мин сом кыскартылып 6233,7 мин сому бекитилген пландан аткрылбай калгандыктан кыскартылган каражаттар эсебине кыскартылсын, 300,0 мин сом акча каражаты аппарат бөлүмүнүн 2215 беренесине, 843,7 мин сом акча каражаты ЖКХ бөлүмүнүн 2215 беренесине кошумча смета болуп киргизилсин.
2. Кошумча киреше бөлүгүндөгү бала бакчанын атайын каражаттан (ата энелер төлөмү) алынган 1540,0 мин сом акча каражаты 2218 беренесине отургузулсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| К.Камчибеков |