Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги онунчу
сессиясы
2026-жылдын 11-февралы № 10/58
Жазы айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Жазы айыл өкмөтүнүн 2026-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылдарга болжолдуу долбоорун кароо жөнүндө маселе Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин 99-беренесинин 2-пунктуна жана ушул эле кодекстин 102-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде 2025-жылда иштетилбей үнөмдөлүп калган акча каражаты финансы экономика боюнча коммиссияда каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, Жазы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2026-жылга Жазы айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү – 84945,5 миң сомго жана чыгаша бөлүгү – 84945,5 сомго бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрүнө ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 849,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Жазы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылда иштетилбей (үнөмдөлгөн) калган жана ашыкча аткарылган кирешелердин эсебинен 3840,0 миң сом акча каражаты 2026-жылга карата аткарыла турган иш чаралардын негизинде беренелерге ылайык жумшалсын.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2027-2028-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер эмгек акы, социалдык фондко чегерүү багытталсын.
6. Тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр, коммуналдык кызматтар (электр энергия, көмүр, суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылого багытталсын.
8. Республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттардын эсебинен Коммуналдык чыгашаларды толук каржылоого багытталсын.
9. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субьектер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджеттин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынаары белгиленсин.
10. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганга атайын каражаттын 100% Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынаары белгиленсин.
11. Айланма кассалык калдык (оборотная кассовая наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2026-жылдын 1-январына карата 100,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Камчибеков |