Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги онунчу
сессиясы
2026-жылдын 11-февралы № 10/59
Ак-Кыя айылынын “Тиричилик таштандыларын чогултууну, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу” жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, ошондой эле Жазы айылдык кеңештин Туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Ак-Кыя айылынын тиричилик таштандыларын ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 2026-жылдын 1-январынан баштап ар бир кожолукка ай сайын 200 (эки жүз) сомдон бекитилсин.
2. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Ош облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жазы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Камчибеков |