Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги онунчу
сессиясы
2026-жылдын 11-февралы № 10/60
Жазы айыл өкмөтүнүн карамагында турган Жээренчи, Ак-Талаа, Ак-Терек, Абыке каналдарын Өзгөн райондук Суу чарба башкармасынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесин, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү” жөнүндөгү токтомун, Өзгөн райондук Суу чарба башкармасынын №01-3/16 30.01.2026-жылдагы катын жетекчиликке алып, Жазы айылдык кеңешинин агрардык жана жер маселелери, архитектура курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, токтом кылат:
1. Жазы айыл өкмөтүнүн карамагында турган Жээренчи каналы 3 км, Ак-Талаа каналы 9,7 км, Ак-Терек каналы 5,1 км, Абыке каналы 4,8 км аралыктан Өзгөн райондук Суу чарба башкармасынын карамагына өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде тиешелүү документтерин даярдап аты аталган каналдарды айыл өкмүнүнүн карамагынан Өзгөн райондук Суу чарба башкармалыгына өткөрүү Жазы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Жазы айылдык кеңешинин агрардык жана жер маселелери, архитектура курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| К.Камчибеков |