Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 10-октябры № 9/8
«З. Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн 2026-2030-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн иш-чараларпланын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, коомдук угуулардын натыйжаларын эске алуу менен, З. Кайназарова атындагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.К.Жумашалиевдин З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн 2026-2030-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн иш-чаралар планын угуп жана талкуулап, З.Кайназарова атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн 2026-2030-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн иш-чаралар планы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул программанын аткаруу жоопкерчилиги З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жумашалиевге жүктөлсүн.
3. Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрилигине жѳнѳтүлсүн;
4. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага |
| Э.Б. Ибраимов |