Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-декабры № 10/1
Максаттуу трансферттер жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын10-декабрындагы № 1087-т токтомуна ылайык, жергиликтүү бюджеттердин түшпөй калган кирешелеринин ордун толтурууга республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттер түрүндө айыл чарба багытындагы жер салыгынын 2826,8 миң сом жана транспорт каражаттарына мүлк салыгы боюнча 1722,2 миң сом акча каражаты, баардыгы 4549,0 миң сом жѳнүндѳ маалыматын, айылдык кенештин 29 чакырылышы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга республикалык бюджеттен максаттуу трансферт катары келип түшө турган, айыл чарба багытындагы жер салыгынын 2826,8 миң сом жана транспорт каражаттарына мүлк салыгы боюнча 1722,2 миң сом, баардыгы 4549,0 миң сом акча каражаты тѳмѳнкү бѳлүмгѳ жана беренеге бѳлүштүрүлсүн:
1) 70629 Турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн:
– 3111 “Имараттар жана курулуштар” беренесине 200,0 миң сом;
– 3112 “Башка механизмдерди жана жабдууларды сатып алуу” беренесине 1000,0 миң сом;
– 2215 “Башка тейлөө кызматтарды алуу” беренесине 100,0 миң сом;
– 2214 “Бензин, дизелдик жана башка күйүүчү майлар” беренесине 73,0 миң сом;
2) 70921 Мектеп бөлүмүнүн:
– 3111 “Имараттар жана курулуштар” беренесине 420,0 миң сом;
– 3112 “Башка механизмдерди жана жабдууларды сатып алуу” беренесине 700,0 миң сом;
– 3112 “Эмерек сатып алуу” беренесине 2 000,0 миң сом;
2) 71092 Социалдык коргоо бөлүмүнүн:
– 2721 “Калкка жеңилдиктер жана жеңилдиктердин ордуна компенсация” беренесине 56,0 миң сом
2. З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.С. Кулматова бул токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына мамлекеттик тилде каттого жѳнѳтсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.К. Жумашалиевге жүктѳлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык кенештин бюджет боюнча комиссиясынын тѳрайымы Ч.Т. Абдиевага жүктѳлсүн.
Төрага |
| Э.Б. Ибраимов |