Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 28-январы № 1/1
«Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча отчетун бекитүү жѳнүндѳ»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде жана З.Кайназарова атындагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.К. Жумашалиевдин жергиликтүү бюджеттин 2025-жылдын 12 айынын кирешелеринин жана чыгашаларынын аткарылышы боюнча жыйынтык отчетун,угуп жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин XXIХ чакырылышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. З.Кайназарова атындагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.К. Жумашалиевдин отчету тѳмѳнкү кѳрсѳткүчтѳр боюнча бекитилсин:
- 2025-жылдын 12 айына карата бюджеттик эсеп боюнча бюджеттин киреше бѳлүгү такталган план менен 41931,5 миң сом түздү, башкача айтканда:
- 2025-жылдын жыйынтыгында бардык кирешелер жана чыгашалар атайын каражаттарды, тендѳѳчү гранттарды, максаттуу гранттарды эсепке алуу менен бектилген план боюнча 41931,5 миң сом, атайын каражаттарды эсепке албаганда 35857,5 миң сом
- 2026-жылдын 1-январына карата бюджет боюнча эркин калдык (свободный остаток) 4024,7 миң сом.
2. 2025-жылдын жыйынтыгы менен З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү, атайын каражаттарды, тендѳѳчү гранттарды, максаттуу гранттарды эсепке албаганда план боюнча 19597,0 миң сом болсо, аткарылышы 22171,4 миң сом болуп, 113,1% ашыкча аткарылды.
3. 2025-жылдын жыйынтыгы менен бюджеттин чыгаша бѳлүгү такталган план боюнча аткарылышы 45269,6 миң сомду түздү. Анын ичинен:
Мам.кызматткарга – 10546,7 миң сом;
Башка айыл чарба кызматтарга – 200,0 миң сом;
ТЖКЧ бѳлүмүнѳ – 13488,9 миң сом;
Саламаттыкты сактоого – 183,5 миң сом;
Эс алуу, маданият, дин – 6152,5 миң сом;
Социалдык камсыздоо– 1241,1 миң сом;
4. 2026-жылдын 1-январына карата эркин калдык:
-бюджеттик эсеп боюнча-4024,7 мин сом,
-атайын эсеп боюнча – 170,4 мин сом түздү.
5. Такталган план менен баардык салыктын түрлѳрү, 2026-жылдын 1-январына карата баардык кирешелерди жана эркин калдыкты (свободный остаток) эске алуу менен, мындан тышкары бюджеттин чыгаша бѳлүгүн бѳлүмдѳрү менен отчетко тиркелген түшүндүрмѳ катка ылайык бюджеттин аткарылышы бектилсин.
6. Баардык отчеттор жана тиркемелери менен Кыргыз Республикасынын Финасы министрлигин Сокулук районундагы финансы башкармалыгына берилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышы З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн Социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүм башчысы А.Б. Мамырбаевага жүктѳлсүн.
8. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдөө туруктуу бюджеттик депутаттык комиссиянын тѳрайымы Абдиева Чинара Толоновнага жүктѳлсүн.
Төрага |
| Э.Б. Ибраимов |