Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 22-майы № 2
Күмүштак айылдык кеңешинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги “Күмүштак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинде каралган акча каражатын жылдырып берүү жөнүндө” №6 токтомунда каралган 150 000 сом акча каражатты жылдыруу жөнүндө
Кыргызстан айылындагы ичүүчү суу туздуу болуп жаткандыктан суу сордуруучу мотору ылдый жака түшүрүлсө да жыйынтык болбой турганындыгы жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы З.Надырбаевдин сунушун талкуулап, ушул ишке каралган 150 000 сом акча каражатты башка жумуштарга жумшоо жагын карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык кеңешинин VIII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айылдык кеңешинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги “Күмүштак айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинде каралган акча каражатын жылдырып берүү жөнүндө” №6 токтомунда каралган 150 000 (жүз элүү миң) сом акча каражаты төмөндөгүдөй болуп жылдырылсын:
· 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты 1-Май айылындагы 8, 9 шабаларындагы каналдарынын трубаларын алып берүү үчүн Турак жай коммуналдык бөлүмүнүн 3111 (имараттар жана курулуштар) беренесине жылдырылсын.
· 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты Кыргызстан айылынын тургуну Алыбаева Гүлжамалдын дарылануусуна жардам катары берүү үчүн Социалдык камсыздандыруу бөлүмүнүн 2721 (калкка социалдык төлөмдөр) беренесине жылдырылсын.
· 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты 1-Май айылынын тургуну Мырзабекова Акылбүбүнүн дарылануусуна жардам катары берүү үчүн Социалдык камсыздандыруу бөлүмүнүн 2721 (калкка социалдык төлөмдөр) беренесине жылдырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Акматов |