Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 22-майы № 14
Күмүштак айыл аймагына караштуу айыл чарба багытындагы жерлерине, айыл чарба мамлекеттик фондусунун (АЧЖМФ) жерлерине жана башка багыттагы жерлерине аукцион өткөрүү боюнча комиссия курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы жерлерин, айыл чарба мамлекеттик фондусунун (АЧЖМФ) жерлерин жана башка багыттагы жерлерин ижарага берүү үчүн аукцион өткөрүү боюнча 2025-жылдын 4-апрелиндеги №2 токтомуна өзгөртүү киргизүү керектиги жөнүндө маселени карап чыгып талкуулап Күмүштак айылдык кенешинин депутаттарынын VIII сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы жерлерине, айыл чарба мамлекеттик фондусунун (АЧЖМФ) жерлерине жана башка багыттагы жерлерине аукцион өткөрүү боюнча комиссия төмөндөгү курамда бекитилсин:
· Ж.Качыбекова - Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу;
· М.Эсенаманов - Күмүштак айылдык кеңешинин депутаты;
· Ш.Сопубеков - Күмүштак айылдык кеңешинин депутаты;
· Б.Супатаев - Күмүштак айылдык кеңешинин депутаты;
· Б.Абдрахманов - Күмүштак айылдык кеңешинин депутаты;
· X. Шаршеналиев - Боо-Терек айылынын тургуну;
· Бакай-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү;
2. Айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы жерлерине жана айыл чарба мамлекеттик фондусунун (АЧЖМФ) жерлерине аукцион өткөрүү боюнча комиссиянын катчысы болуп айыл өкмөтүнүн кызматкери А.Алымкулова дайындалсын.
3. Айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарба маселери боюнча башкы адиси А.Тойчубеков айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы жерлерине жана айыл чарба мамлекеттик фондусунун (АЧЖМФ) жерлерине аукцион өткөрүү боюнча аукциончу болуп дайындалсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Акматов |