Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 28-январы № 1/2
2026-жылга карата калкты социалдык жактан коргоонун программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, коомдук угуулардын натыйжаларын эске алуу менен, айылдык кеңештин XXIХ чакырылышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2026-жылга карата калкты социалдык жактан коргоонун программасы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. З.Кайназарова атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жумашалиев:
- программанын аткарылышын камсыздасын;
- программанын жарым жылдык, тогуз айдык жана жылдын жыйынтыгы боюнча аткарылыш отчетун берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча комиссиясынын төрайымы Абдиева Чинара Толоновнага жүктөлсүн.
Төрага |
| Э.Б. Ибраимов |
|
| З.Кайназарова атындагы айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы №1/2 токтомунун 1-Тиркемеси |
З.Кайназарова атындагы айыл аймагынын 2026-жылга карата социалдык программасы
№ | Тапшырма | Аткарыла турган иш-чара | Акча каражаты |
1 | 15 февраль Афгандын катышуучуларына материалдык жардам көрсөтүү | 13 катышуучу 5000 сом | 65000 |
2 | Таджик афган катышуучуларга материалдык жардам | 2 катышуучу 3000 сом | 6000 |
3 | Кургак учук менен ооруган жарандарга мат.жардам | Арыз менен кайрылган жарандар | 10000 |
4 | Чернобыль окуясынын катышуучуларына материалдык жардам көрсөтүү | 2 катышуучу 5000 сомдон | 10000 |
5 | Зордук-зомбулукка кабылган үй-булөлөргө жардам көрсөтүү | Материалдык, психологиялык, медициналык жардам | 20000 |
6 | 7 апрель катышуучу жана каза болгон 1 бир үй-бүлө | Мат.жардам | 20000 |
7 | Арыз менен кайрылган жарандар (оору же б.а оор көйгөй боюнча мат.жардам көрсөтүү) | Мат.жардам | 80000 |
8 | Ата-энесинен камкордугусуз калган балдарга жардам көрсөтүү | 16 бала -15000 сомдон | 240000 |
9 | 9 май Жеңиш күнүнө карата иш чаралар | 1 УАМ согуштун жесири мат.жардам 10000. Гул севет жана гвоздика | 24000 |
10 | 1-июнь балдар күнүнө карата | Балмуздак | 50000 |
11 | Жайкы эс алууга томолой жана камкордугусуз калган,жартылай жетим балдар | 5 же 6 бала | 60000 |
12 | Карылар күнү | 300 карыяга-1000 сомдон мат.жардам почта аркылуу | 300000 |
13 | Ден соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мат.жардам Аз камсыз жана жалгыз бой үй-бүлөлөргө мат.жардам | 100 жаран 3000 сомдон Кышкыга көмүргө жардам көрсөтүү | 300000 |
14 | Жаны жылга карата таттуу баштыкчалар | Аз камсыз,ата энесинин камкордугусуз,мүмкүнчүлүгү чектелген балдаргататтуу баштыкчалары таратылат 100 даана | 80000 |
15 | Баткен окуясына катышуучуларга ма.жардам көрсөтүү | 2 катышуучу 5000 сомдон | 10000 |
16 | Баатыр эне жана Эне Данкы наамына алгандарга материалдык жардам көрсөтүү | Мат.жардам 3000 сомдон жана гул | 25000
|
17 | Жөлөк пул боюнча арыздын негизинде Социалдык райондук социалдык камсыздоо жана эмгек миграция бөлүмү тарабынан каржыланат | Жөлөк пул боюнча арыздар комиссиянын чечиминин негизинде каралат | Жыл ичинде |
18 | Ишке орноштуруу борборуу боюнча жарандар жумуш менен камсыдалат (жаз,жай,күз айылды көрктөндүрүү боюнча) | Эмгек акысы 50% айыл өкмөту 50% ишке орноштуруу борбору каржылайт |
|
19 | Үй-бүлөлук салтанаттарды жана маркумду эскерүү урп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча ПЖ № 54 жарлыгын аткаруу | Түшундүрүү иштери жүргүзүүлүдө |
|
| Баардыгы |
| 1300000 |