Загрузка документа…
З.КАЙНАЗАРОВА АТЫНДАГЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 28-январы № 1/4
Жергиликтүү бюджетти бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ» мыйзамынын 34- беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-беренесинин негизинде жана З.Кайназарова атындагы айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясы сунуш кылган З.Кайназарова атындагы айыл ѳкмѳтүнүн 2026-жылга бюджетинин долбоорун жана 2027-2028 жылга кирешелер боюнча болжолун карап чыгып, айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. З.Кайназарова атындагы айыл ѳкмѳтүнүн 2026-жылга кирешелер боюнча бюджети №1 тиркемеге жана 2027-2028 жылга кирешелер боюнча болжолу №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2026-жылга - 43390,2 миң сом суммасында, анын ичинде атайын эсеп боюнча – 6074,0 миң сом, тендѳѳчү грант боюнча – 16045,2 миң сом;
2027-жылга - 45203,6 миң сом суммасында, анын ичинде атайын эсеп боюнча – 6074,0 миң сом, тендѳѳчү грант боюнча – 16045,2 миң сом;
2028-жылга – 47186,6 миң сом суммасында, анын ичинде атайын эсеп боюнча
– 6074,0 миң сом, тендѳѳчү грант боюнча – 16045,2 миң сом.
2. З.Кайназарова атындагы айыл ѳкмѳтүнүн 2026-жылга чыгашалар боюнча бюджети №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2026-жылга – 43390,2 миң сом суммасында, анын ичинде атайын эсеп боюнча
– 6074,0 миң сом, тендѳѳчү грант боюнча – 16045,2 миң сом;
3. Республикалык бюджеттен келип түшкөн максаттуу трансферттер тийиштүү багытта колдонулсун.
4. 2026-жылга чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төгүмдөр) боюнча жүргүзүлсүн.
5. 2025–жылы жергиликтүү бюджеттин толук каржыланбай калган айрым чыгыша түрлѳрүн 2026-жылдын бюджетинде каралган каражаттардын (ассигнование) чегинде компенсациялансын.
6. Атайын эсептердин сметасында бекитилген суммадан ашыкча түшкѳн кирешелер толугу менен жергиликтүү бюджеттин карамагында калат.
7. Бюджеттин киреше бѳлүгүн ашыгы менен аткарылышында айыл аймактагы ѳткѳрүлүүчү коомдук жана маданий иш-чараларды каржылоого багытталат.
8. 2026-жылдын 1-январына карата чыгашаларга караганда кирешелердин ашыгы менен аткарылышын (эркин калдык) №4 тиркемеге ылайык бекитилип, бѳлүштүрүлсүн.
9. 2026-жылга тендөөчү грант №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
10. 2026-жылга маданият кызматкерлердин штаттык ырааттамасы №6 тиркеме ылайык бекитилсин.
11. Республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер түшкѳндѳ айыл аймактагы социалдык-экономикалык инфраструктураларды, айылды кѳрктѳндүрүү жана турак-жай коммуналдык чарба керектѳѳлѳрдү каржылоого багытталсын.
12. Айыл ѳкмѳт башчысына ѳндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу каражаттарды бѳлүм ичинде ѳзгѳртүүгѳ, толуктоого жана жылдырууга укук берилсин.
13. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ З.Кайназарова атындагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.К. Жумашалиевге жүктѳлсүн.
Төрага |
| Э.Б. Ибраимов |