Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
2026-жылдын 28-январы № 1
2026- жылга Орозбеков айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын, бюджетин жана 2027-2028- жылдар үчүн бюджеттин болжолдуу көлөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 88-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27,34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кеңеши, айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. 2026-жылга Орозбеков айыл аймагынын социалдык-экономикалык программасы, айыл өкмөтүнүн бюджети атайын каражаттар менен кошулуп киреше бөлүгү 55 667,4 сом, чыгаша бөлүгү атайын каражаттар менен кошулуп, жетишпестигин эске алуу менен 55 667,4 сом өлчөмүндө №1,2 тиркемелерге ылайык бекитилсин(тиркеме тиркелет)
2.Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2027-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрү атайын каражат кошулуп долбоору 59 621,0 сомго №3, 4 тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
3.Орозбеков айыл өкмөтүнүн 2028-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрү атайын каражат кошулуп долбоору 64 009,0 сомго №5, 6 тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
4.Орозбеков айыл өкмөтү 2026-жылга Орозбеков айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын, бюджетин жана 2027-2028-жылдарга бюджеттин болжолун ишке ашырууну камсыздасын.
5. Токтом тиркемеси менен Орозбеков айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
6. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |