Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
2026-жылдын 28-январы № 3
“Муниципалдык менчикти камсыздандыруу жана эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө
“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 39- беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кенеши, айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, токтом кылат:
1. Орозбеков айыл аймагынын “Муниципалдык менчикти камсыздандыруу жана эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө” Жобосу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Айыл өкмөтү ушул жобону ишке ашырууну камсыз кылсын.
4. Бул токтом тиркемеси менен Орозбеков айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
5. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |