Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
2026-жылдын 28-январы № 4
Орозбеков айылдык кеңешинин 23.12.2024-жылдагы “Орозбеков айылынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө” №10 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кеңеши айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1.Орозбеков айылдык кеңешинин 23.12.2024-жылдагы “Орозбеков айылынан жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө” №10 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
2.1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: Орозбеков айылынын Жоогесек участкасынын №710 контурунан 1,0 га жер аянтын “айыл чарба жерлер” багытынын жайыт түрүнөн “калктуу конуштардын жерлери”(социалдык объект) багытына которууга макулдук берилсин.
3. Бул токтом Орозбеков айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |