Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
2026-жылдын 28-январы № 5
Көрүстөндөрдө көмүү жайларын брондоо тартибин жана наркын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин 19.08.2025-жылдагы № 502 токтомун жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кенеши, айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, токтом кылат:
1.Кыргыз РеспубликасынынМинистрлер Кабинетинин 19.08.2025-жылдагы № 502 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын көрүстөндөрүндө көмүү жайларын брондоо тартибин бекитүү жөнүндө” Жобо айыл аймагында жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2.Маркумду узатуу иштеринин маселелери боюнча кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы бир жылга 1000(миң) сом болуп белгиленсин.
3. Айыл өкмөтү ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылсын.
4. Бул токтом Орозбеков айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
5. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |