Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
2026-жылдын 28-январы № 6
Орозбеков муниципалдык ишканасына эксковатор техникасын сатып алууга каражат кароо жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 51-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27,34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кеңеши, айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1.Орозбеков муниципалдык ишканасына Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (ПРООН) “Климаттын өзгөрүшү жана Борбордук Азияда туруктуулук” добоорунун алкагында эксковатор сатып алууга өздүк салым катары 1000 000(бир миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын
3.Токтом сайтка жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилсин.
4.Ушул токтом сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |