Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
2026-жылдын 28-январы № 7
Кызыл-Булак айылындагы элдин демилгеси менен курулуп жаткан спорт залдын полун бүтүрүүгө жана чатырын жылуулоого даярдалган добоорду колдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 51-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ,34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кеңеши, айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1.Кызыл-Булак айылындагы элдин демилгеси менен курулуп жаткан спорт залдын полун бүтүрүрүү жана чатырын жылуулоо үчүн Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна даярдалган добоорду колдоо масатында айыл өкмөттүн бюджетинен 1 500 000(бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын
3.Токтом сайтка жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилсин.
4.Ушул токтом сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |