Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
2026-жылдын 28-январы № 8
Орозбеков айылынын Кара-Кечүү участкасындагы кичи футбол аянтчасын оңдоп-түзөө боюнча даярдалган долбоорду колдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 51-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27,34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Орозбеков айылдык кеңеши, айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Орозбеков айылынын Кара-Кечүү участкасындагы кичи футбол аянтчасын оңдоп-түзөө боюнча Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна даярдалган добоорду колдоо масатында айыл өкмөттүн бюджетинен 600 000( алты жүз миң) сом акча каражаты өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын
3.Токтом сайтка жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилсин.
4.Ушул токтом сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |