Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
2026-жылдын 28-январы № 10
Айыл аймактагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин кайра каттоо жүргүзүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27,34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 09.09.2022-жылдагы “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченемдерине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү” №494 тотомуна жана Орозбеков айыл өкмөтүнүн 26.01.2026-жылдагы чыгыш №01-05/9 сандуу катына ылайык Орозбеков айылдык кеңеши, айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Айыл аймактагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин 50% Кадамжай райондук агардык башкармалыгына өткөрүлгөндүктөн, жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик актыны экиге бөлүү үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдоого жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Кадамжай филиалынан каттоо жүргүзүүгө айыл өкмөттүн бюджетинен 500 000(беш жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнө тапшырылсын
3.Токтом сайтка жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилсин.
4.Ушул токтом сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |