Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 65
Орозбеков айыл айылдык кеңешинин 19.09.2025-жылдагы №57 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34,39-беренелерине ылайык жана айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз Орозбеков айылдык кенештин сессиясы токтом кылат:
1. Орозбеков айыл аймагынын Кара-Шоро айылынын №306 контурунан 0,45 га жер аянтын жайыт жерлер багытынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер багытына которууга макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө которулган жер аянты боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багыттагы жерлерди берүү маселелери жөнүндө” №62 Жарлыгына ылайык кийинки иш аракеттерди көрүү жагы тапшырылсын.
3. Орозбеков айылдык кеңешинин 19.09.2025-жылдагы №57 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |