Загрузка документа…
ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 66
Кескен-Таш айылындагы Молдо Нияз атындагы жалпы билим берүү мектебинин эшик-терезелерин алмаштыруу боюнча дем берүүчү(үлүштүк) грантка даярдалган долбоорду колдоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 51-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. 2026-жылга карата жалпы сметасы 4266 560(төрт миллион эки жүз алтымыш алты миң беш жүз алтымыш) сом болгон, Кескен-Таш айылындагы Молдо Нияз атындагы жалпы билим берүү мектебинин эшик-терезелерин алмаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлиги тарабынан каржылануучу дем берүүчү(үлүштүк) грантка даярдалган долбоорду колдоо максатында айыл өкмөттүн 2026-жылдагы бюджетинен өздүк салым катары 1000 000(бир миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү каражатты бөлүп берүү айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Д. Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |