ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 27-апрелиндеги № 81/ХXIV-28
Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн атайын эсебин көбөйтүү жөнүндө
Ашыкча түшкөн кирешелерге байланыштуу “Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн атайын эсеп боюнча 500,0 миң сомго көбөйтүү” боюнча ФЭОнун башчысы З.Б.Акаеванын маалыматын уккандан кийин, талкуулап, пикир алмашып
Логвиненко айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атайын эсеп боюнча бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн көбөйтүү:
· 70911 «Бала бакча» бөлүмү боюнча 22181100-беренеси «Тамак-аш сатып алуу» боюнча - 500,0 миң сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик туруктуу комиссиясына жана ФЭОнун башчысы З. Б. Акаевага жүктөлсүн.
Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы | К. М. Жонгучкаев |