Загрузка документа…
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
I чакырылышынын 10-сессиясы
ТОКТОМ
“01” 09 2025-ж №116
Кызыл-Суу айылаймагына караштуу Саруу айылындагы “Кара-Булуң” участкасындагы 2-02-11-0016-0016 кодтогу 948 гектар маданий жайыт жер
аянттын көп жылдык мөмө жемиш бак дарак багытына
трансформациялап берүү жөнүндө.
Кызыл-Суу айыл аймагына караштуу Саруу айылындагы “Кара-Булуң” участкасындагы идентификациялык 2-02-11-0016-0016 кодтогу 948 гектар маданий жайыт жер аянттын көп жылдык мөмө жемиш бак дарак багытына трансформациялап берүү жөнүндөгү Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек уулу Алишердин кайрылуусун карап чыгып, талкуулап жергиликтүү кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Кызыл-Суу айыл аймагына караштуу Саруу айылындагы 2-02-11-0016-0016 кодтогу “Кара-Булуң” участкасындагы 948 гектар маданий жайыт жер аянттын көп жылдык мөмө жемиш бак дарак багытына трансформациялап берүү жөнүндөгү Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек уулу Алишердин кайрылуусу эске алынсын.
2.Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.И. Бахавадиновдон Кызыл-Суу айыл аймагына караштуу Саруу айылындагы “Кара-Булуң” участкасындагы идентификациялык 2-02-11-0016-0016 кодтогу948 гектар маданий жайыт жер аянттын көп жылдык мөмө жемиш бак дарак багытына трансформациялап берүүгө уруксаат берүү жагы суралсын.
3.Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинен “Кара-Булуң” участкасындагы 948 гектар маданий жайыт жер аянттын көп жылдык мөмө жемиш бак дарак багытына трансформациялоо иш кагаздарын жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек уулу Алишерге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек уулу Алишерге тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева