Загрузка документа…
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
I чакырылышынын 10-сессиясы
ТОКТОМ
“01” 09 2025-ж №118
Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн муниципалдак менчигинде турган “Кызыл-Суу автобекетин” ишмердүүлүгүн “Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык
ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө.
Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн муниципалдак менчигинде турган “Кызыл-Суу автобекетин” ишмердүүлүгүн “Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек уулу Алишердин сунушун карап чыгып, талкуулап жергиликтүү кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1.Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн муниципалдак менчигинде турган “Кызыл-Суу автобекетин” ишмердүүлүгүн “Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек уулу Алишердин сунушу эске алынсын.
2. Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн муниципалдак менчигинде турган “Кызыл-Суу автобекетин” ишмердүүлүгүн “Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасынын уставына, штаттык бирдигине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөртүүлөр киргизилип бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек уулу Алишерге тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева