Загрузка документа…
Кызыл-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
I чакырылышынын 11-сессиясы
ТОКТОМ
“15” 10 2025-ж №121
Кызыл-Суу айыл аймагына караштуу Саруу айылындагы Тоголок Молдо
көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө.
2025-жылдын 13-октябрь айындагы Кызыл-Суу айыл аймагынын Саруу айылынын күн-чыгыш тарабындагы Тоголок Молдо көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылуусун карап чыгып, талкуулап жергиликтүү кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2025-жылдын 13-октябрь айындагы Кызыл-Суу айыл аймагынын Саруу айылынын күн-чыгыш тарабындагы Тоголок Молдо көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылуусу эске алынсын.
2.Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндөгү мыйзамынын 7-беренесинин негизинде Кызыл-Суу айыл аймагынын Саруу айылынын күн-чыгыш тарабындагы Тоголок Молдо көчөсүн “Физика-математика илимдеринин кандидаты” академиялык даражаларга ээ болгон, доцент илимий наамын алган Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн отличниги Миңбаев Асанбайдын ысымы берилсин, Тоголок Молдо көчөсү Миңбаев Асанбай атындагы көчө болуп өзгөртүлсүн.
3.Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына реестрге каттого киргизүү жагы жергиликтүү кенештин жоопту катчысы А.Ташбаевага жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек уулу Алишерге тапшырылсын.
Төрайым Г.Чыныбаева