Редакцияот 16.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 16-июну № 87/ХХV-28

Киреше жана чыгаша бөлүгүнүн бюджеттик эсебин көбөйтүү жөнүндө

Ашыкча түшкөн кирешелерге байланыштуу “Киреше жана чыгаша бөлүгүн бюджеттик эсеби боюнча 9000,0 миң сомго көбөйтүү” боюнча ФЭОнун башчысы З.Б.Акаеванын маалыматын уккандан кийин, талкуулап, пикир алмашып

 

Логвиненко айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2023-жылдын 3-кварталына бюджеттик эсеп боюнча бюджеттин киреше бөлүгүн жана чыгаша бөлүгүн киреше бөлүгүн көбөйтүү жана салык төлөмдөрүн көбөйтүү жолу менен, анын ичинде төмөнкү элеменнннерге көбөйтүү:

·         Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысы - 4000,0 миң сом.

·         Салык агенти тарабынан төлөнгөн киреше салыгы - 5000,0 миң сом.

2. 3-кварталга бюджеттин чыгышы бөлүгү төмөнкү бөлүмдөр боюнча көбөйтүлсүн:

·         70629 “Турак жай-коммуналдык чарба” бөлүмү боюнча Логвиненко айыл өкмөтүнүн аймагындагы көчөлөрдү жарыктандыруу 3111 беренеси боюнча - 5540,0 миң сом, Чон-Далы айылынын аймагын жакшыртуу 2215 беренеси боюнча -50,6 миң сом, скважинаны тазалоо 2215 беренеси боюнча - 1420,4 миң сом. .

·         70921 “Орто билим берүү-жалпы билим берүү программалары” бөлүмү боюнча Новопокровка айылдын жаңы конушундагы мектептин отканасына жабдууларды орнотуу 3111 беренеси боюнча - 1700,0 миң сом, К Маликов атыгндагы орто мектеби жана № 2 орто билим берүү мектеп лицейине чарбалык буюмдарды алуу 2222 беренеси боюнча - 289,0 миң сом.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик туруктуу комиссиясына жана ФЭОнун башчысы З. Б. Акаевага жүктөлсүн.

 

 

Логвиненко айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. М. Жонгучкаев