Редакцияот 16.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 16-июну № 88/ХХV-28

Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн атайын эсебин көбөйтүү жөнүндө

Ашыкча түшкөн кирешелерге байланыштуу “Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн атайын эсеп боюнча 200,0 миң сомго көбөйтүү” боюнча ФЭОнун башчысы З.Б.Акаеванын маалыматын уккандан кийин, талкуулап, пикир алмашып

 

Логвиненко айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Атайын эсеп боюнча бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн көбөйтүү:

·         70911 «Мектепке чейин билим берүү» бөлүмү боюнча 31123290-беренеси «Башка эмерек жана жабдууларды сатып алуу» боюнча - 200,0 миң сом.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик туруктуу комиссиясына жана ФЭОнун башчысы З. Б. Акаевага жүктөлсүн.

 

 

Логвиненко айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. М. Жонгучкаев