ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 16-июну № 90/ХХV-28
Жергиликтүү бюджеттен биргелешип каржылоого каражаттарды бөлүү жөнүндө
Новопокровка айылынын жаңы конушуна “Жаңы мектепке откана куруу” долбоорунун алкагында, долбоордун сметалык баасы 4757,0 миң сомду түзөт, Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүнүн эсебинен, биргелешип каржылоого каражаттарды бөлүү жөнүндө, Асанбеков А.А. айыл ѳкмѳт башчысынын маалыматын карап чыгып, талкуулап, пикир алмашып
Логвиненко айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Новопокровка айылынын жаңы конушуна “Жаңы мектепке откана куруу” долбоорунун жергиликтүү бюджеттинен биргелешип каржылоого 1700,0 миң сом акча каражат берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ФЭБнүн башчысы З.Б. Акаевага жүктөлсүн.
Логвиненко айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |