Редакцияот 16.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛОГВИНЕНКО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 16-июну № 92/ХХV-28

Компьютердик жабдууларды сатып алуу үчүн акча каражаттарды бөлүү жөнүндө

«Тейлөө көрсөтүүнү жакшыртуу» долбоорун ЖӨБ Союзу аркылуу ишке ашыруу максатында, Новопокровка №5 китепкананын филиалынын алдындагы «Балдарды өнүктүрүү борбору» долбооруна пайдаланылбай калган каражатты компьютердик жабдыктарды сатып алууга бөлүнүү сунушу киргизилди, Баранова атындагы орто билим берүү мектеп лицейине компьютер жабдыктарын сатып алууга каражатын бөлүштүрүү жөнүдө арыздын негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Асанбековдун маалыматын карап чыгып, талкуулап, пикир алмашып

 

Логвиненко айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Н.С. Баранова атындагы № 2 орто билим берүү мектеп лицейине компьютер жабдыктарын сатып алууга 50000 сом акча каражат бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ФЭБнүн башчысы З.Б. Акаевага жүктөлсүн.

 

 

Логвиненко айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. М. Жонгучкаев