Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-февралы № 121
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин нотариалдык иш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
«Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 733 «Нотариалдык иш маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоо тартиби жөнүндө нускамада:
– 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8. Мамлекеттик алым ар бир нотариалдык иш-аракет үчүн нотариаттын бирдиктүү маалымат системасында интеграцияланган төлөм платформасы аркылуу нотариалдык иш-аракет жасалган жана юридикалык мааниге ээ документтер берилген күнү төлөнөт.»;
– 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«11. Мамлекеттик алымды төлөө статусу нотариаттын бирдиктүү маалымат системасында (мындан ары – НБМС) белгиленет жана сакталат. Нотариалдык иш-аракеттерди каттоо реестрине же нотариалдык актыларга квитанцияларды тиркөө талап кылынбайт.»;
– 15-пунктта «нотариаттын бирдиктүү маалымат системасы (мындан ары – НБМС)» деген сөздөр «НБМС» деген аббревиатурага алмаштырылсын;
– 58-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«58. Күбөлөндүрүүчү жазуунун тексти НБМСти колдонуу менен гана түзүлүүгө тийиш.»;
– 108-пункттун 1, 4, 7-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
– 109-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«109. Нике келишимин, карын энелик келишимди, баланы асыроочу үй-бүлөгө өткөрүп берүү жөнүндө келишимди, өмүр бою багуу келишимин же туруктуу рента жөнүндө келишимди, алименттик макулдашууну, ата-энелик укуктарын жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашууну бүтүмдүн тараптары жеке өздөрү түзөт. Аталган бүтүмдөрдү өкүлдөр аркылуу жасоого жол берилбейт.»;
– 110-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;