Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-февралы № 88
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 9-беренесинин 3-бөлүгүн жана 179-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
|
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызмат (мындан ары - Кызмат) жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналган, телекоммуникацияларды тармактык жөнгө салуучунун жана почта байланышын жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функцияларын жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу Кызматтын ишин жөнгө салат.
2. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Санарип кодексин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кызмат өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы бар юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, эмблемасы, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, Кыргыз Республикасынын казыналык системасында алыш-бериш эсептери бар.
4. Кызматтын мамлекеттик жарандык кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлеринен башка кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналат.
5. Кызматтын ишине контролду Министрлик жүзөгө ашырат.
6. Кызматтын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызмат";
- расмий тилде: "Служба по регулированию и надзору в отрасли связи при Министерстве цифрового развития и инновационных технологий Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "БТЖКК";
- расмий тилде: "СРНОС".
7. Кызматтын юридикалык дареги: 720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 119.
2-глава. Кызматтын максаты
8. Кызматтын максаты Кыргыз Республикасында телекоммуникация жана почта инфраструктурасын жана сервистерди туруктуу, атаандаштык жана инклюзивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
3-глава. Кызматтын милдеттери
9. Кызматтын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ак ниет атаандаштыктын негизинде сапаттуу, тең жеткиликтүү жана коопсуз телекоммуникациялык сервистерге жана почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнө колдонуучулардын жетүүсүн камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү;
2) инновацияларды, инвестицияларды жана жаңы технологияларды жана жаңы муундагы телекоммуникациялык тармактарды, анын ичинде спутниктик телекоммуникацияларды өнүктүрүүгө дем берүү үчүн шарттарды түзүү;
3) Эл аралык электр байланыш бирлигинин принциптерине жана сунуштамаларына ылайык Кыргыз Республикасынын телекоммуникациялар чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерин аткаруу;
4) ак ниет атаандаштыкты, басмырлоосуз жеткиликтүүлүктү жана телекоммуникациялар жана почта байланышы рыногунун туруктуулугун өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
5) ачыктык, технологиялык бейтараптуулук жана санариптик телекоммуникациялык инфраструктуранын жана сервистердин инклюзивдүүлүк принциптеринин негизинде экономиканы, мамлекеттик башкарууну жана коомду санариптик трансформациялоого көмөктөшүү;
6) радио жыштык спектрин жана номерлөө ресурсун пайдаланууну натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу.