Редакцияот 30.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

XXVIII – чакырыгынын ирээттеги XXI сессиясы

 

 

2023-жылдын 30-майындагы № 106-3

Петровка айылында жерди оңдоо пайдаланууга берүү жөнүндө

Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Байсульдаев Ж.А-дин маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин 1-пунктунун 44-беренесинин 1-пунктуна ылайык

Петровка айылдык  кенеши

 

ТОКТОМ  ЧЫГАРАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун 2023-жылдын 11-майындагы № 217-б буйругунун жана 2023-жылдын 11-майындагы № 217-кабыл алуу-өткөрүү актысынын негизинде, Петровка айылындагы Фрунзе №23а көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 7318 кв.м жер тилкеси Петровка айыл өкмөтүнө мөөнөтсүз пайдалануу укугуна өткөрүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 25-беренесине ылайык, бул токтом 30 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Москва районунун филиалында катталууга тийиш.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсулдаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

У. Абдылдаев