ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XXVIII – чакырыгынын ирээттеги XX сессиясы
2023-жылдын 28-апрелиндеги № 102-3
Жер которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Петровка айыл аймагынын Кызыл-Туу жер тилкесинде жайгашкан идентификациялык номери 7-06-15-0016-0129 2,0 га айыл чарба жерлеринен жугунду айдоо категориясынан майда мал багуу үчүн кой короо категориясына жерди Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11, 13 беренесине ылайык «Жер тилкесин колдонуу багытын которуу Мыйзамынын негизинде которууга (трансформациялоого) берген арыздарды карап жана талкуулап.
Петровка айылдык кенеши:
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1. Петровка айыл аймагында Кызыл-Туу жер тилкесинде жайгашкан идентификациялык номери 7-06-15-0016-0129 2,0 га айыл чарба жерлеринин жугунду айдоо категориясынан майда мал багуу үчүн кой короо категориясына, которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин .
2. Бул токтом Москва райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсулдаевге жүктөлсүн.
Төрага | У. Абдылдаев |