Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз VII- сессиясы
2025-жылдын 18-июлу № 98
Чыныке-Бий көчөсүнүн жарыктандыруусун толук бүткөрүү үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Чыныке-Бий көчөсүнүн жарыктандыруусун толук бүткөрүү үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чыныке-Бий көчөсүнүн жарыктандыруусун толук бүткөрүү үчүн Каракол айыл аймагындагы айыл чарба техникаларына керектүү тетиктерди алып берүү үчүн (Каракол айылдык кеңешинин 2025-жылдын 31-январындагы № 30 токтомунун негизинде) бөлүнгөн акча каражат эсебинен 1000,0 (бир миллион) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика, жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрайым |
| Э. Тилекова |